Бишкек, 15.09.17. /Кабар/. Июль айында 77-жашка толгон Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев азырынча кызматтан кетүү оюу жок экендигин айтты.
14-сентябрда журналисттердин алдына чыгып сүйлөп жатып, ал, чың ден соолукту, психологиялык жана эмоционалдык энергияны көп талап кылган кызматы жагаарын айткан"- деп жазат “Азаттык” радиосу.
“Жүрөккө жаккан жумуш болгондуктан чыдайсың. Мен эртеңки күндү пландап, жүзөгө ашырып, кечинде ырахат алганга көнгөм. Силер да ошондой кылгыла”,-деп айткан Назарбаев журналисттерге.
Нурсултан Назарбаев КМШ мамлекеттеринин башчыларынын ичинен Советтер Союзу тараардан мурда бийликке келген жалгыз президент.
Пикир
Оставить комментарий