Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Бишкектеги Калык Акиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды, - деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, оңдоо иштери аяктагандан кийин Калык Акиев көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү ачылган.
Учурда Киевден Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки жолдун жогорку бөлүгүндө жаңы жол белгилерин орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий