Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин тапшырмасы менен облустар аралык каттамдар 10-июлдан тарта токтотулат. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, карантиндик кырдаалга байланыштуу Ош облусунда кайрадан бир катар чектөөлөр киргизилүүдө.
Алар:
-ар бир райондун кире беришинде санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт.
-облус аймагындагы базарлар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү иштебейт, дезинфекцияланат.
-эс алуучу жайларда, жаратылышта ар кандай иш-чаралардын, аш-тойлордун өткөрүлүүсүнө тыюу салынат. Жарандардын жаратылышка эс алууга чыгышына да уруксат берилбейт.
-мындан тышкары, той-мааракелерди өткөрбөө боюнча чектөөлөргө баш ийбегендерге, дары-дармек, азык-түлүк баасын жогорулаткандарга катуу чара көрүлөт.
Ош облустук казыятка илдетти жуктуруп албоо чаралары үчүн жума намаздарды токтотуу тууралуу сунуш берилди.
Пикир
Оставить комментарий