• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оюнга бир күн калды! Эски аянтта футбол күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулат

Спорт 0


Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Эртең, 8-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Сингапурдун командасы менен оюн өткөрөт.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, эртең футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндары башталат. Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан. Азия кубогуна тайпалык тандоо турунун оюндары 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

“Алгачкы жолу эски аянтта чоң экран коюлуп, алдыдагы беттештер түз чагылдырылып турат. Кирүү акысыз”, - деп айтылат маалыматта.

Оюндун жүгүртмөсү:
8-июнь:
• Кыргызстан - Сингапур;
• Тажикстан - Мьянма.

11-июнь:
• Сингапур - Тажикстан;
• Мьянма - Кыргызстан.

14-июнь:
• Кыргызстан - Тажикстан;
• Мьянма - Сингапур.

Пикир

Оставить комментарий