• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Тариел Айтиев Октябрь районунун акиминин орун басары болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Октябрь райондук акимчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Тариел Айтиев Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин ал Бишкек шаарынын Октябрь администрациясынын аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.

Мындан тышкары, Нусупбеков Азамат Кылычбекович Бишкек шаарынын Октябрь администрациясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий