• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Октябрь Урмамбетов Баткенде милициянын ишин көзөмөлдөп жатат

Аймак 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусунун ички иштер башкармалыгында ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында Урмамбетов Баткен облусунун аймагында орун алган чек ара чырына байланыштуу бир катар тапшырмаларды койду.

Ошондой эле ал Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорундагы окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүүдө кылдаттык менен мамилеси жасоо зарылдыгын белгиледи.

"Куралдуу кагылышууга байланыштуу провакациялык аракеттерге жол бербөө, чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, эвакуация болгондордун мүлкүнө карата уурулук жана талап-тоноочулукка каршы иштөөнү тапшырды. Каргашалуу окуядан жабыр тарткан айылдарга сапердук топтордун кароосунан кийин жергиликтүү тургундарды киргизүүнү, ага чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин алып баруу керектигин, эл менен болгон мамиледе сылык болууну, кызматтык тартипти сактоону буюрду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Баткен облусунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Анда Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын милиция кызматкерлеринен турган күжүрмөн топтор кызмат өтөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий