“Окуу керемет!” долбоорунун алкагында төрт тилде 1,5 миңден ашуун балдар китептери чыкты

Коом 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында жергиликтүү жазуучулар менен сүрөтчүлөрдүн төрт тилдеги 1 миң 579 балдар китеби жарыкка чыкты. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары” аталышында форумда айтылды.

Бул китептердин электрондук версиялары, анын ичинде жандоо тилинде берилген 40 китеп жергиликтүү жана эл аралык санариптик китепканаларда балдарга жеткиликтүү болду. Ошондой эле “Окуу керемет!” өлкө боюнча 1 679 мектепке жана 83 коомдук китепканага бул китептердин 2 миллиондон ашык нускасын таркатты.

Мындан сырткары, 2019-2024-жылдары ишмердүүлүгүн жүргүзгөн долбоор аркылуу 17 миңден ашык мугалим жана 3 500дөй билим берүү кызматкери технологияны колдонуу менен башталгыч класстарда адабий окуу жана математика сабактарын окутуунун натыйжалуу көндүмдөрүн жакшыртууга көмөктөштү.

Белгиленгендей, Кыргызстандагы 1 679 мектептин 450 миңден ашуун башталгыч класстын окуучулары “Окуу керемет!” долбооруна катышуу аркылуу өздөрүнүн окуудагы жетишкендиктерин жогорулатып жатат.

Форумда АКШнын Айыл чарба департаменти (USDA) каржылаган МакГоверн-Доул “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасы да өзүнүн жетишкендиктери, анын ичинде 3 миңден ашык мугалим жана 400 китепканачы үчүн дистанттык окутуунун натыйжалары менен да бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий