• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Окуу үзгүлтүккө учурады. Бишкекте бир эле учурда 4 мектепте бомба изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Бишкекте төрт мектепте бомба бар делген маалыматтан улам окуу процесси үзгүлтүккө учурады.

Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, №33 мектеп, Ч.Айтматов атындагы лицей жана “Сейтек” билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалымат келген.

“Бардык окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланды. Жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Биринчи май райондук милициясы “Илим” билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалыматты текшерип жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий