Окуучуну сүзүп кеткен Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек 27.01.24. /Кабар/. Окуучу кызды сүзүп кеткен Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуяга шектүү ИИМдин Ички иликтөө кызматына жеткирилген.

Тергөө амалдарын жүргүзүү максатында ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берилет.

Белгилей кетсек, 26-январда Балыкчы ШИИБнин кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы катталган. Андан 12 жаштагы кыз жабыркап, ооруканага түшкөн.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө унааны Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып бараткандыгы аныкталган, бирок күнөөнү ал эмес, анын аймактык тескөөчүсү болуп иштеген иниси мойнуна алган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Балыкчы шаардык милициясынын башчысы жана кызды сүзүп кеткендигин билдирген аймактык тескөөчү (шаардык милициянын башчысынын иниси) ээлеген кызматынан бошотулду.

Кылмыш ишин тергөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп, атайын кызмат тарабынан мындан бир аз мурда Бектур Осмонбаевге издөө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий