Көп адамдар ойлогондой, хоспис ажал жөнүндө эмес – бул эң оор диагноздорго карабастан, жашоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө.
Биз ыктыярлчылардын ишин каңшаарын эмес билген адам, Биринчи балдар хосписинин директору Ольга Труханова менен Эл аралык кайрымдуулук күнүндө – ушундай иштин маанилүүлүгүн эскертип турган убакытта жолуктук.
«Кабар» агенттигине берген маегинде ал муктаж болгондорго жакын болуу эмне үчүн маанилүү экенин, бул жолдун кыйынчылыктары, бактылуу көз учурлар тууралуу айтып берди.
Биринчи балдар хосписинин тарыхы 2015-жылы Ольга Труханованын үзөнгүлөшү Динара Аляева онкология бөлүмүндө айыккыс дартка кабылган балдарды көргөндөн кийин башталган. Аларга тиешелүү көңүл бурбай, үйлөрүнө колдоосуз чыгарып, ата-энесин бул көйгөй менен жалгыз калтырышкан. Волонтерлор паллиативдик жардам темасын изилдей баштаган.
«Башында мындай балдардын саны канча экенин жана онкологиядан башка кандай диагноздор паллиативдик колдоону талап кыларын элестете алган жокпуз. Көрсө, алар көп экен, биз аракет кылууну чечтик», — дейт Ольга Труханова.
Хоспис ижарага алынган жеке үйдө бир жыл иштеген, аны камкор адамдар каржылап жардам берген. Бир аз убакыттан кийин Бишкек мэриясы ыктыярчылардын чакырыгына жооп кайтарып, аларга ушул күнгө чейин жайгашкан имаратты бөлүп берген.
Бүгүнкү күндө хоспистин кароосунда 80 бала бар. Алардын арасында онкологиялык оорулуулар гана эмес, оор диагнозу бар балдар да бар, аларга туура жардам көрсөтүлсө узак өмүр сүрүүгө мүмкүн бар.
«Биз психологиялык жардам, дары-дармек, массаж жана гидрореабилитация боюнча жардам беребиз. Мындан тышкары, ата-энелер үчүн социалдык тыныгуу да бар, алар балдарын бизге убактылуу калтырып, өздөрүнүн көйгөйлөрүн чечип же өздөрү дарыланып алганга мүмкүн берилет», - дейт агенттиктин маектеши.
Хоспис балдарга эле эмес, алардын үй-бүлөлөрүнө да жардам берет. Психологдор камкордуктагы балдардын жакындары менен иштешип, аларга оор учурларда колдоо көрсөтүп, алардын өзүнө жамынууга жол бербөө үчүн иштешет. Балдардын энелери үчүн тренингдер, мастер-класстар жана ар кандай иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Хоспистин ишмердигинде өзүнүн кыйынчылыктары да бар. Адистерди, өзгөчө медайымдарды, психологдорду табуу кыйын. Адамдар олуттуу оорулардын көрүнүштөрүнө дуушар болгусу келбейт. Бирок кубанычтуу учурлар да болот.
«Кимдир бирөөнүн Туулган күнүн өткөрүүгө же кыялын ишке ашырууга жетишкенибизде, оор абалдагы бала күтүүсүздөн жылмайып баштаганда кубанам...» деп бөлүшөт маектеш.
Ар бир камкордуктагы бала – өзүнчө окуя. Мисалы, Рамиз. Өткөн жылдын сентябрь айында ал белгисиз диагноз менен реанимацияга жаткырылган. Ал өпкөнү жасалма желдетүү боюнча аппараттында болгон, анткени ансыз дем ала алган эмес. Кийинчерээк бул миопатия экени белгилүү болду. Ошону менен бир нече ай реанимацияда жатты. Дарыгерлер колунан келгендин баарын кылышты, бирок анын абалын көрүп, апасына эң жаман нерсеге даярданууну кеңеш кылышты – ал каалаган убакта кетип калышы мүмкүн. Колдорунан келгендин баарын кылды. Кийин баланы хосписке которушкан.
«Баланын жашоого ушунчалык умтулуусу бар эле... Эми ага ИВЛ-аппараты түндө гана керек, ал өз алдынча дем албастан, басып, алтургай бийлейт. Медициналык комиссия бизге келгенде – адистер өз көзүнө ишенген жок. Балким, Рамиздин окуясында анын апасы жана атасы менен кошо болгону жардам бергендир, реанимацияда болсо ал жалгыз жатып, соолуп баштаган», — дейт Ольга Труханова.
Дагы бир толкундаткан окуя Мегдат аттуу балага байланыштуу. Балада борбордук нерв системасынын жабыркаткан Лей синдрому бар. Бир күнү хоспистин жамааты бала көптөн бери бийиктикте болууну кыялданып жүргөнүн билип, ага учактын кабинасына экскурсия жасоону сунушташат.
«Биз «Манас» аэропортуна кайрылдык. Алар биздин өтүнүчүбүзгө тез жооп беришти. Биздин балдарга сонун экскурсия уюштур беришти. Бизди абдан жылуу тосуп алышкан. Эмоциялар көп болду», — деп эскерет хоспистин директору.
Биринчи балдар хосписи ишмердигин камкор жарандардын кайрымдуулугунун эсебинен гана алып барат. Аты-жөнүн айтпай, хоспистердин эсебине үзгүлтүксүз кайрымдуулук каражаттарын которгондор бар.
«Биз балдар үчүн өпкөнү жасалма желдетүү боюнча аппаратын сатып алуу муктаждыгына көп кабылабыз. Анын жардамы менен баланы реанимациядан үйүнө алып чыгып, ага бардык зарыл шарттарды түзсө болот. Бир аппараттын баасы 500 миң сомдун тегерегинде, ага ай сайын тейлөөсүнө 50 миң сом кошулат. Журналисттер каражат чогултуу тууралуу маалымат таратып, бизге бул жагынан абдан жакшы жардам беришет.
Яндекс, коммерциялык эмес уюмдарга жардам көрсөтүүнүн үзгүлтүксүз программасына акысыз таксилерди жана жеткирүүлөрдү киргизүү менен, бизди абдан колдойт. Былтыр алар бизге келгенде, биз абдан сүйүнгөнбүз. Буга чейин реабилитацияга баруу ар кимде мүмкүн болгон эмес. Бул чыгашалуу жана физикалык жактан кыйын – коомдук транспорт ылайыктуу эмес. Эми ата-энелер балдары менен активдүү аралашып, башкача жашоого өтүштү. Программанын ичиндеги жеткирүү функциясы да чоң жардам берет. Биз үйлөрүндө каралып жаткандарга дары-дармектерди жана атайын тамактарды жөнөтөбүз. Эми бул процесс биз үчүн жеңил жана ыңгайлуу болуп калды. Мындан тышкары, Яндекс «Жоомарт ноябрды» уюштуруп, буйрутмалардан түшкөн кирешенин бир бөлүгүн өнөктөш өкмөттүк эмес уюмдарга, анын ичинде бизге, которот. Бизге берилген каражатка ИВЛ-аппаратта болгон балдарга керектелүүчү тетиктерди сатып алдык», - дейт Биринчи балдар хосписинин директору.
Ольга Труханованын айтымында, ал паллиативдик жардам Кыргызстандын бардык аймактарында жеткиликтүү болушун кыялданат. Алыскы айылдарда да балдарга жардам бере турган адистердин болушу абдан маанилүү. Мамлекет бул көйгөйгө көбүрөөк көңүл бурушун каалайт, анткени ар бир адам оор кырдаалга туш болушу мүмкүн.
Пикир
Оставить комментарий