• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Олимпиада-2024: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев мелдешке чыгат

Спорт 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Бүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын эки балбаны - Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев килемге чыгат.

Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев турнирде алгачкы беттештерин өткөрөт.

Айсулуу Тыныбекованын атаандашы нигериялык Эстер Колаволе болмокчу. Ал күрөш боюнча Африканын үч жолку чемпиону, бир катар эл аралык мелдештердин байгелүү орундарынын ээси экени маалым.

Айсулуу болсо, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Азиянын 6 жолку чемпиону, Токиодогу Олимпиада оюндарында 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынган.

Ал эми 125 килограмм салмакта күч сынаша турган Айаал Лазарев ирандык Амир Хоссейн Заре менен кез келет.

Белгилей кетсек, Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган болчу.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиададан 4 медаль - 1 күмүш, 3 коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов, 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков коло медаль утту. Муну менен Олимпиада оюндарынын тарыхында Кыргызстан 12 медалга ээ болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий