• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Олимпиада-2024: Бүгүн кыргызстандык 4 балбан килемге чыгат

Спорт 0

Бишкек, 06.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык 4 балбан килем үстүнө чыгат.

Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча турнирде беттештерин башташат. Балбандардын күрөшү Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө, жарым финалдык кармаштар 22:15те болмокчу.

Жарым финалдык беттештерден кийин медаль үчүн мелдештер орун алат.

Килемге биринчи Жоламан Шаршенбеков чыгат. Ал коло медаль үчүн 60 кг салмак ченинде күч сынашмакчы. Анын атаандашы азырынча белгилүү боло элек. Кевин Юран Де Армас Родригез (Куба) - Мехди Мохсеннежад (Иран) беттешинде жеңип чыккан спортчу кез келет.

Алтын байге үчүн күрөшкө эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында 68 кг салмак категориясында Мээрим Жуманазарова килемге чыгат. Ал америкалык спортчу Амит Элор менен таймашат.

Пикир

Оставить комментарий