• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Олимпиада-2024: Бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов мелдешке чыгат

Спорт 0

Бишкек, 27.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов мелдешке чыгат.

Париждеги Олимпиада оюндарында 27-июлда 14 медалдардын топтому ойнотулат.

Кыргызстандын спортчуларынан биринчилерден болуп Денис Петрашов 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзөт. Бул аралыкка сүзүүгө жалпысынан 36 спортчу катышат, алар 5 топко бөлүнөт.

Денис Петрашов акыркы жарышта сүзөт.

Алдын ала жарыштан кийин жарым финалга күчтүү 16 суучул суурулуп чыгат.

Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин, ал эми Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий