• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Олимпиада-2024: Балбан Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 10.08.24. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт.

Бүгүн кыргызстандык балбан125 кг чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Анда Лазарев канадалык Амарвир Деси менен кез келип, атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.

Коло үчүн беттеште кыргызстандык балбан түркиялык Таха Акгюлгө каршы күрөшөт.

Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу мелдештерин 1/8 финалдан баштаган. Ал алгачкы беттеште ирандык Амир Хоссейн Заре менен күрөшүп, 0:5 эсебинде утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий