• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Олимпиада-2024. Балбан Амантур Исмаилов коло үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында спорттук күрөш боюнча мелдештер уланууда.

Бүгүн кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов 67 кг чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Анда балбан сербиялык Мате Немеш менен кез келип, 8:0 эсебинде жеңишке ээ болду.

Коло үчүн күрөштө Амантур Исмаилов азербайжандык Хасрат Жафаров менен беттешет.

Кыргыз балбаны буга чейин ал 1/8 финалдагы беттешинде грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде уткан.

Ал эми чейрек финалда украиналык Парвиз Насибов менен беттешкен. Күрөш 7:6 эсебинде жыйынтыкталып, Амантур Исмаилов жеңилүү ызасын тартты.

Украиналык балбан финалга чыгып, Исмаилов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште таймашууга мүмкүнчүлүк алган.

Пикир

Оставить комментарий