• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Олимпиада-2024. Балбан Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт.

Бүгүн кыргызстандык балбан 57 кг чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Анда Бекзат Алмаз уулу кытайлык Ванхао Жу менен кез келип, атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.

Коло үчүн беттеште Бекзат Алмаз уулу өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевге каршы күрөшөт.

Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу мелдештерин 1/8 финалдан баштаган. Алгачкы беттеште кыргызстандык балбан казакстандык Мейрамбек Картбайды жеңип, андан кийин чейрек финалда америкалык Спенсер Ричард Лиге утулуп калган.

Спенсер Ричард Ли финалга чыккандыгына байланыштуу Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште таймашууга мүмкүнчүлүк алган.

Пикир

Оставить комментарий