• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Олимпиада-2024: Балбан Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 05.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бүгүн Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында спорттук күрөш боюнча мелдештер башталды.

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков 60 кг чейинки салмак категориясында 1/8 финалда беттештерин баштап, казакстандык спортчу Айдос Султангали менен кез келди.

Анда Жоламан Шаршенбеков атаандашын 6:3 эсебинде жеңди.

Чейрек финалда кыргызстандык балбандын атаандашы румыниялык Разван Арнаут болмокчу.

Жарым финалдык мелдештер саат 01:00дө болот.

Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн беттештер эртең, 6-августта орун алмакчы.

Пикир

Оставить комментарий