• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Олимпиада-2024: Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 01.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева- Кабар/. Париждеги жайкы ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты.

Париждеги оюндарда спортчу 57 кг салмак категориясында 1/8 финалда кубалык Сайдель Иван Орта Родригес менен беттеш өткөрдү.

Үч раунддун жыйынтыгы боюнча калыстар Кыргызстандын боксчусуна жеңишти ыйгарды.

Эми Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келет.

Беттеш 3-августтан 4-августка караган түнү болмокчу.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.

Пикир

Оставить комментарий