• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Олимпиада-2024: Денис Петрашов 23-орунду ээлеп, жарым финалга чыга алган жок

Спорт 0

Бишкек, 27.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов бүгүн Олимпиада оюндарында 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзүп өттү.

Бул аралыкка сүзүүгө 36 спортчу чыгып, алар 5 топко бөлүнгөн.

Денис Петрашов бешинчи жарыштагылардын арасынан 1 мүнөт 0,42 секунда менен 8-орунду ээледи.

Бул жыйынтык менен 36 суучулдун ичинен ал 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган жок.

Эми кыргыз спортчусу Денис Петрашов 30-июлда 200 метрди брасс ыкмасы менен сүзүүгө катышат.

Пикир

Оставить комментарий