• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Олимпиада-2024: Денис Петрашов менен Кубанычбек Айбек уулу Кыргызстанга келди

Спорт 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Францияда өтүп жаткан XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан барган спортчулардын алгачкы тобу Кыргызстанга келди.

Суучул Денис Петрашов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу учуп келген учак таң эрте “Манас” эл аралык аэропортуна конду.

Аба майданда кыргызстандык спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын расмий тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Суучул Денис Петрашов журналисттерге берген маегинде Олимпиада оюндарында жарым финалга чыгып, 14-орунга жайгашышы жаман эмес экендигин айтты.

“Алдыга умтулууга аракеттерди көрөбүз. Кыргызстанда бир аз эс алып, андан соң окуума кетем. Ошондой эле ал жактан машыгууларымды улантам”, - деди ал.

Париждеги Олимпиада оюндарынын дагы бир катышуучусу, дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 66 кг салмак категориясында 1/16 финалда украиналык спортчуга жеңилип калганын, мындан ары да ийгиликтерге жетишүүгө умтула берерин белгиледи.

“Биз кетип жатканда даярдыктар жакшы болчу. Кыргызстандыктар бизди колдоп, президент Садыр Нургожоевич өзү узатып, бизден алтын күткөн. Биз колубуздан келген аракетти кылдык”, - деди спортчу.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлда башталып 11-августка чейин өтмөкчү. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.

Пикир

Оставить комментарий