• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Олимпиада-2024: Кыргыз балбандарынын күрөшүн көрүү үчүн Бишкекте фан-зоналар уюштурулду

Спорт 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз балбандарынын күрөшүн көрүү үчүн Бишкекте фан-зоналар уюштурулду.

2024-жылдын 5-августунан 11-августуна чейин “Дордой Плаза” соода-оюн-зоок борборунда саат 22:00гө чейин, саат 22:00дөн кийин Чыгыш-5 кичирайонунун “Арбат” гүлбакчасында түз көрсөтүүлөр болот.

Октябрь районунда болсо, 5-августтан 11-августка чейин Ынтымак-2 сейил багынын амфитеатрында Париждеги оюндар көрүүчүлөргө тартууланат.

Ал эми Ленин районунда “Азия Молл” соода-оюн-зоок борборунда бүйүр кызыткан балбандардын күрөштөрүнө күйөрмандык кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Биринчи май районунун аймагында 6-августтан 11-августка чейин Т.Усубалиев атындагы аянтка LED экран аркылуу түз эфирлер күн сайын саат 21:00дөн 01:00гө чейин чагылдырылат.

“Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын меймандары! Келгиле, спортчуларыбызды чогуу колдойлу! Бул иш-чара баарыбыз үчүн унутулгус болуп, ар бир адам чоң спорттук майрамды сезүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий