• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Балбан Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарынын жарым финалында

Спорт 0

Бишкек, 05.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмак категориясында1/4 финалда румыниялык балбан Арнаут Разван менен күрөшүп, 9:0 эсебинде утушка ээ болду.

Буга чейин Шаршенбеков 1/8 финалда казакстандык Айдос Султангали менен беттешип, 6:3 эсебинде жеңген.

Жарым финалда кыргызстандык балбан япониялык Кеничиро Фумита менен кез келет.

Жарым финалдык мелдештер саат 01:00дө болот.

Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн беттештер эртең, 6-августта орун алмакчы

Пикир

Оставить комментарий