• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Олимпиада-2024: Кыргызстандын төрт спортчусу Париждеги Паралимпиадага катышат

Спорт 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын төрт спортчусу Париждеги Паралимпиада оюндарына катышат. Бул тууралуу Улуттук Паралимпиада комитетинин президенти Токторбек Айдыралиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда Париж-2024 мелдешине төрт жолдомо бар. Спортчулар пара пауэрлифтинг, пара жеңил атлетика, пара дзюдо, пара триатлон спорту боюнча беттештерге чыгат.

“Парижде өтө турган Паралимпиада оюндарына биз буга чейин төрт жолдомо утканбыз. Миргүл Болоталиева пара пауэрлифтинг, Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетика, Маматибраим Суранов пара дзюдо, Айтунук Жоомарт кызы пара триатлон боюнча мелдештерге катышмакчы. Ушул паралимпиадачыларыбыз август айында Париждеги Паралимпиада оюндарына катышат. Алардын даярдыгы жакшы. Биз алардан жеңиштерди күтөбүз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Францияда XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Ал эми Паралимдиалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин болот.

Пикир

Оставить комментарий