• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Олимпиада-2024. Машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды – тизме

Спорт 0

Бишкек, 13.08.24. /Айпери Кожоева - Кабар/. Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Париж Олимпиадасынын катышуучуларын, байге ээлерин жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо аземи өттү.

Төмөндө акчалай сыйлык тапшырылган машыктыруучулар жана дарыгерлердин тизмеси:

Машыктыруучулар:

  • Евгений Петрашов, сууда сүзүү боюнча башкы машыктыруучу (Денис Петрашов жана Елизавета Печерскихтин биринчи жана жеке машыктыруучусу) – 650 миң сом;
  • Андрей Полубапкин, жеңил атлетика боюча Сардана Трофимованын жеке машыктыруучусу – 125 миң сом;
  • Айып Исаков, жеңил атлетика боюча башкы машыктыруучу – 150 миң сом;
  • Улукбек Өмүрзаков, дзюдо боюнча машыктыруучу, (Айбек Кубанычбековдун биринчи машыктыруучусу) – 50 миң сом;
  • Роман Кузьмин, дзюдо боюнча машыктыруучу, (Эрлан Шеровдун биринчи машыктыруучусу) – 175 миң сом;
  • Сергей Кладнов, дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 250 миң сом;
  • Абдужалил Юнусов, дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 300 миң сом;
  • Исламбек Тазабеков, эркин күрөш боюнча машыктыруучу, (Бекзат Алмазбек уулунун биринчи машыктыруучусу) – 100 миң сом;
  • Рустам Учаров, эркин күрөш боюнча машыктыруучу, (Бекзат Алмазбек уулунун жеке машыктыруучусу) – 250 миң сом;
  • Сүймөнкул Табалды уулу , эркин күрөш боюча Кыргыстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 875 миң сом;
  • Руслан Мажинов, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 750 миң сом;
  • Биримкулов Чыңгыз, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Амантур Исмаиловдун биринчи машыктыруучусу) – 100 миң сом;
  • Дастан Муктаров, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Амантур Исмаиловдун жеке машыктыруучусу) – 250 миң сом;
  • Аязбек Жумашбаев, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Үзүр Жусупбековдун биринчи машыктыруучусу) – 700 миң сом;
  • Мамбектов Раатбек, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Үзүр Жусупбековдун жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;
  • Хаким Махмудов, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу (Жоламан Шаршембековдун биринчи машыктыруучусу) – 2 млн 450 миң сом;
  • Мейрамбек Ахмедов, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу (Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;
  • Улукбек Карачолоков, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 5 млн 500 миң сом;
  • Эркинбаев Азат, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 6 млн 600 миң сом;
  • Түгөлбай Базакечов, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Айсулуу Тыныбекованын биринчи машыктыруучусу) – 700 миң сом;
  • Нурсултан Аскарбеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Айсулуу Тыныбекованын жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;
  • Рахмадил Жуманазаров, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу) – 1 млн 100 миң сом;
  • Чынарбек Изабеков кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу) – 2 млн 500 миң сом;
  • Байгазы Кенжебаев, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 4 млн 500 миң сом;
  • Нурбек Изабеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 5 млн 650 миң сом;
  • Турдаалы Оморов, бокс боюнча машыктыруучу, (Мунарбек Сейитбек уулунун биринчи машыктыруучусу) – 1 млн сом;
  • Беганас Султанбаев, бокс боюнча машыктыруучу (Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу) – 2 млн 500 миң сом;
  • Улан Сагынбаев , бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 2 млн 500 миң сом;
  • Данияр, Төлөгөн уулу бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 3 млн сом.

Медицина кызматкерлери:

  • Улукбек Кыдыев , массажист – 1 млн 375 миң сом;
  • Константин Еремич , массажист – 1 млн 375 миң сом;
  • Иса Биченов, дарыгер – 1 млн 375 миң сом;
  • Бактыгүл Алишева , дарыгер – 1 млн 375 миң сом;

Пикир

Оставить комментарий