• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Олимпиада-2024: Парижде бүгүн дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу алгачкы беттешин өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 28.07.24. /Кабар/. Париждеги Олимпиада оюндарынын экинчи күнүндө Кыргызстандын спортчусу Кубанычбек Айбек уулу беттешке чыгат.

Ал 66 кг салмак категориясында күч сынашат. Дзюдо боюнча турнир Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

1/16 финалдагы кыргызстандык спортчунун атаандашы украиналык Богдан Ядов экени белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий