• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Олимпиада-2024. Жакшы кетип бараткан иштерди бурмалай бериштин кереги жок – президент

Президент 0

Учурда Франциянын Париж шаарында Олимпиада оюндары өтүп жатат. Бул спорттук мелдештерде кыргыз балбандары күчүн сыноодо. Аны менен кошо акыркы күндөрү коомчулукта спортчуларга жеткиликтүү шарт түзүлбөгөндүгү тууралуу да сөздөр талкууга алынууда. Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги мамлекет башчыдан комментарий алды.

— Ушул күндөрү Париждеги Олимпиада оюндары дүйнө коомчулугунун, анын ичинде Кыргызстандын дагы көңүл борборунда. Соцтармак колдонуучулары спортчуларыбыздын кармаштарына тыкыр көз салып, алардын жыйынтыгын талкууга алып жатышат. Анан акыркы күндөрү "спортчуларга жетиштүү шарт түзүлгөн эмес экен, диетологу, психологу жок экен, мамлекет шарт түзүп берсе болмок" деген сын-пикирлер айтылууда. Мамлекет спортчуларыбызга чындап эле жетиштүү көңүл бөлө албай жатабы? Тамак-аш жетишсиз болгону тууралуу да сөз болду. Тийиштүү түзүм жетекчилери спортчуларыбыздын кур дегенде курсагынын камын көрүп коюшса болот беле?

Биринчиден, сындын да чеги болуш керек. Сындайт десе эле майда-чүйдө бир нерседен кыйкым издеп, жакшы кетип бараткан иштерди бурмалай бериштин кереги жок.

Биз акыркы төрт жылда спортчуларыбызга жакшы эле көңүл буруп келе жатабыз. Ошол үчүн мына бүгүнкүдөй жыйынтыктар болуп, медалдарды алып атышат.

Эми ушуга да шүгүр дейли. Мурда эптеп эле катышып келсек болду деп жүргөн болсок, бул ирет эң жок дегенде 3 алтын медаль алышыбыз керек деген амбициябыз пайда болду.

Экинчиден, албетте, уюштуруу жагынан Олимпиадалык комитеттен кемчиликтер бар.

Мисалы, диетолог менен психолог жагын да карап коюшса болмок. Ал эми тамак-аш жагынан уюштуруучулардын (Париждин) тамагы жакпаса, спортчулар ар бири өздөрү үчүн кам көрүп алса деле болмок. Олимпиадага кетээр алдында 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Кыскасы, баскан-тургандары кененирээк болсун дегенбиз.

Парижде тамак-ашы кенен эле экен. Бирок тамак-аштын түрлөрү бирине жакса, экинчисине жакпашы мүмкүн. Бири балык жегиси келсе, башкасы эт жегиси келет дегендей. Биз кыргыздар этсиз тура албайбыз да. Ошол үчүн ар бир спортчубуз өз курсагына кам көрүш керек болчу.

Мурдагыга караганда спортчуларыбызга азыр Кудайга шүгүр эле көңүл буруп жатабыз. 3 жылдан бери, мисалы, күрөшчүлөрүбүзгө эң кымбат деген витаминдерин камсыз кылып келдик. Бир жылда эле 4 миллион сом каражат жумшалат экен. Мурда жатаканаларда жашап жүргөн спорчуларыбыз бар эле. Аларга шарт түзүп, батирлерди алып, ижара акысын төлөп берип келдик. Эми Кудай буюрса, өз үйлөрү болуп калат. Мурда спортчуларыбыз эл аралык мелдештерге барарда акчалары өз убагында бөлүнүп берилбей, каражат жок, ар кимден карыз алып, мелдешке кетип жүргөн күндөрү болгонун өз көзүбүз менен көрүп жүрбөдүк беле. Анын баарын тез эле унутуп калдыкпы? Мелдештерге барып келип, андан кийин акчалары колдоруна тийген кезде карыздары менен эсептешип жүргөндөрүн мен өз көзүм менен көргөм. Ал күндөр эми артта калды. Мындан ары эми андай болбойт.

Кыскасы, “Көрө-көрө көсөм болом” дегендей, кийинки Олимпиадага кандай даярдыктар менен баруу керектигин билип алдык.

Кийинки Олимпиадага спортчуларыбызды казан-казан эт, куржун-куржун казы карталар менен жөнөтөбүз.

Азырынча кылдан кыйкым издебей, андан көрө спортчуларыбызга дем берип, колдоп туралы.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий