• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудовдун жетишкендиктери

Спорт 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына 200дөн ашык өлкөдөн 10 миңге чукул спортчу катышат. Дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулган мыктылардын мыктысы байгелүү орундар үчүн болгон күч-аракетин жумшашат. Алардын катарында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта килемге чыга турган балбаны Акжол Махмудов да бар.

Бул ирет “Акула” каймана атына ээ болгон Акжол Махмудов тууралуу азын оолак сөз кылабыз.

Өмүр баяны: Акжол Махмудов учурда 25 жашта. Ал 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн. Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери алты жашынан тартып күрөш менен машыга баштаган. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Агалары Сыймык менен Бексултан да грек-рим күрөшү боюнча бир катар мелдештердин жеңүүчүлөрү.

Жетишкендиктери:
• Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси (Токио, 2020);
• Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси (Белград, 2022);
• Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси (Белград, 2023);
• Жайкы Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси (Жакарта, 2018);
• Жайкы Азия оюндарынын алтын медалынын ээси (Ханчжоу, 2022);
• Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Бишкек, 2018);
• Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Улан-Батор, 2022);
• Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Астана, 2023);
• Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Бишкек, 2024);
• Ислам шериктештик оюндарынын алтын медалынын ээси (Конья, 2021);
• Азия оюндарынын оюндарынын алтын медалынын ээси (Кытай, 2023).

Мамлекеттик сыйлыктары: Кыргызстандын грек-рим күрөшүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль утуп алгандыгы үчүн II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий