• 87
  • 90.63
  • 0.79

Өмүрбек Андарбеков "Маданият Сервис" ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди

Маданият 0


Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын август айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чоң иш-чараларды өткөрүү үчүн жаңы техникаларды жана жабдууларды сатып алган.

“Маданият Сервис” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Өмүрбек Андарбеков ишкананын ишмердүүлүгү жана жаңы сатып алынган техникалар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, жаңы сатып алынган жогорку сапаттагы жабдуулардын жардамы менен бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн, алардын биринчиси 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү. Анда тейлөөнүн жогорку сапаты көрсөтүлүп, андан соң ишкана 20дан ашуун иш-чараны тейледи.

"Ушундай чоң иш-чараларда жеке ишкерлердин жабдууларын ижарага алып, иштетип келгенбиз. 5-6 жылдын ичинде өлкөбүздүн региондору дагы жаңы көлөмдүү техникалар менен камсыз болот. Анткени, буга чейин мамлекет иш-чараларды өткөрүү үчүн мамлекеттик казынадан каражат сарптап келген болсо, эми сарпталган акча кайтарылып, ал тургай киреше алып келүүдө. Кыргызстанда буга чейин мындай көлөмдүү жабдуулар алынган эмес. Жадагалса жеке ишкерлер мындай көлөмдүү техниканы койуу үчүн 7-8 компания биригип, ушундай көлөмдү чыгарып беришчү. Айрым учурда коңшу өлкөлөрдөн дагы ижарага алып келүүгө мажбур болчубуз. Бүгүнкү күндө “Маданият Сервис” мамлекеттик ишканасы бир дагы жеке ишкерге кичинекей тетикче үчүн кайрылганы муктаждыгыбыз жок”, - деди ал.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, чоң көлөмдүү техниканын дагы бир өзгөчөлүгү техникалар бир учурда 5-6 мааракени тейлөөгө толук мүмкүнчүлүгү бар.

“Маданият Сервис” мамлекеттик ишканасында техникалар боюнча 30дан ашуун кызматкер иштеп жатат. Эгерде бир күндө бир нече маараке өтө турган болсо, биз кызматкерлерди техникалар менен кошо жер жерлерге жөнөтөбүз. Бир учурда бир нече иш-чараны тейлөөгө мүмкүнчүлүгүбүз бар”, - деди Андарбеков.

Белгилей кетсек, ишкананын негизги милдеттери - калктын маданий муктаждыктарын өнүктүрүү жана канааттандыруу, ошондой эле театралдык, музыкалык, сүрөт жана адабий искусствону колдоо, илгерилетүү жана популярдаштыруу, жогорку көркөм сүрөт программаларын түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий