• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Омар Султанов БУУнун иштөө тобу менен болгон интерактивдүү диалогдун жүрүшүндө сөз сүйлөдү

Коом 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Күн мурун Женева шаарында Кыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Омар Султанов БУУнун мажбурлап же ыктыярсыз жоголуп кеткендер боюнча иштөө тобу менен болгон интерактивдүү диалогдун жүрүшүндө сөз сүйлөдү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чара БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 57-сессиясынын алкагында өттү.

Өзүнүн билдирүүсүндө туруктуу өкүл Кыргызстан БУУнун Иштөө тобу менен ачык жана тыгыз кызматташууга берилгендигин дагы бир жолу баса белгилеп, тиешелүү чөйрөдөгү улуттук мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча учурдагы процесстер тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий