• 87
  • 89.63
  • 0.85

Омар Султанов БУУнун зомбулуктун алдын алуу боюнча конференциясында сөз сүйлөдү

Коом 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов БУУнун Улуттар сарайында өткөн Сириядан кайткан согушкерлердин үй-бүлөлөрүн реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча конференцияда сөз сүйлөдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, конференция зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча фонд (GCERF) жана Өзбекстандын президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан уюштурулган.

Элчи чогулгандарга Сирия жана Ирактагы кагылышуу зоналарынан кайтып келген кыргызстандыктарды репатриациялоо жана интеграциялоо боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы менен бөлүштү.

Ал репатрианттар Ысык-Көлдө реабилитациядан өтүп, социалдык кызматкерлер, психологдор жана теологдор тарабынан колдоо алып жатканын маалымдады. Негизги көңүл балдарды социалдык жактан адаптациялоого жана аялдарды кесиптик окутууга бурулуп, бул аларга Кыргызстанда туруктуу жана тынч жашоо үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

Ошондой эле элчи GCERF менен эл аралык кызматташуунун маанисин жана уюмдун кайтып келгендерди реабилитациялоого кошкон салымын белгиледи. Атап айтканда, быйыл GCERF бул максаттарга 2,5 млн доллар бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий