• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Омикрон" штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүнө тарады

Дүйнө 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Коронавирустун жаңы "омикрон" штаммы 106 өлкөдөн аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) билдирет.

"2021-жылдын 21-декабрына карата "омикрон" штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүнөн аныкталды", - деп айтылат ДССУнун билдирүүсүндө.

Уюмдан кошумчалашкандай, инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу дагы деле жогорку бойдон калууда.

ДССУнун башчысы Тедрос Гебрейесус буга чейин COVID-19дун жаңы штаммы "дельтага" караганда ылдамдык менен жайылып жаткандыгын айткан.

Белгилей кетсек, ДССУ коронавирустун "омикрон" штаммынан сактануу үчүн адамдарды алдыдагы майрамдарга пландарды кайрадан карап чыгууга чакырган.

Пикир

Оставить комментарий