• 87
  • 90.41
  • 0.84

Онкологиялык илдетке чалдыккандар пенсияны мөөнөтүнөн мурда ала алат

Өкмөт 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Залалдуу шишик илдетине чалдыккан, өмүрүнө коркунуч жараткан дартка кабылган Кыргыз Республикасынын жарандары пенсиянын топтолмо бөлүгүн белгилегенген убакыттан мурда ала алат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтом долбоору Социалдык фонд тарабынан коомдук талкууга коюлду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү оор делген илдеттердин тизмегин түзөт. Ага биринчи кезекте онкологиялык оорулар жазылат.

Пикир

Оставить комментарий