• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ооганстандын Түркмөнстан менен чектешкен провинциясында эки жумадан бери салгылашуу жүрүп жатат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 11.04.19 /Кабар/. Ооганстандын түндүк-батышындагы Бадгис провинциясынын Абыкемри жана Бала-Мургаб райондорунда өкмөттүк күчтөр менен «Талибан» кыймылынын ортосунда айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Бул райондор Түркмөнстандын чек арасына жакын жайгашкан.

Маалыматтарга караганда, талибдер Бала-Мургаб районундагы полиция бөлүмү менен жергиликтүү базарды басып алып, Абыкемри районун толугу менен өз көзөмөлүнө алган. Мындан тышкары анда өкмөттүк имараттар өрттөлгөнү дагы кабарланууда.

Бадгис провинциясынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Абдул Эзиз Бег Бала-Мургаб районундагы полиция имараты толугу менен талкаланганын билдирди.

«Бул салгылашта полиция чоң жоготууларга учурады. Бизге полиция бөлүмүнүн короосунда каза болгон аскерлердин сөөктөрү жаткандыгы тууралуу кабарлар келип жатат. Бирок азырынча канча жоокердин өлгөнүн тактоого мүмкүн болбой жатат. Тирүү калгандары жакын жердеги аскердик базанын аймагына жашырынып калышкан», — деди ал.

Бала-Мургаб районунда эки жумадан бери салгылаштар токтобой келет. Район башчысынын айтымында, анын жыйынтыгында өткөн жумада эле 35 жоокер каза болгон.

Ал ортодо «Чечкиндүү колдоо» деп аталган эл аралык коалиция согушкерлердин аталган райондордогу позицияларына абадан сокку урду.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Абыкемри жана Бала-Мургаб райондорунда жоочуларга каршы аскердик операциялар башталганын билдирди. Анын айтымында, андагы өкмөттүк күчтөрдү өлкөнүн коргоо министринин орун басары Махаммет Ясын жетектөөдө.

Пикир

Оставить комментарий