• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында 6-орунга илинди

Спорт 0

Бишкек, 31.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетика боюнча олимпиадалык курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Токиодогу Олимп оюндарында 6-орунга илинди.

Бекдөөлөт Расулбеков бүгүн, 31-июлда 96 кг салмак категориясында күчүн сынады. Ал алгач 162 килограммды жулкуп көтөргөн. Экинчи ирет көтөргөндө 166 килограмм штангага алы жетип, 8-орунга илинген.

Ал эми штанганы түртүп көтөрүүдө Расулбеков 208 килограммды башынан өйдө көтөрө алган. Кыргызстандык спортчунун жалпы көрсөткүсү 374 килограммды түзүп, 6-орунга ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий