• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Оор атлетика боюнча дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандын атынан эки спортчу катышат

Спорт 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Оор атлетика боюнча дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандын атынан эки спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Дүйнө чемпиондугу 16-22-сентябрь күндөрү Таиланддын Паттайя шаарында өтөт.

Кыргызстандын атынан бул мелдешке Иззат Артыков менен Бекдөөлөт Расулбеков катышууда. Артыков 67 килограмм, ал эми Раулбеков 96 килограмм салмакта күч сынашат.

Пикир

Оставить комментарий