• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Оорудан айыккан соң ден соолукту кантип чыңдоо керек? Адистен кеңеш

Ден соолук 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Ооруп айыккандан кийин ден соолукту чыңдоого көбүрөөк убакыт бөлүү зарыл. Адистердин пикиринде, адам бир канча убакытка чейин алсыздыкты, тез чарчоону, булчуңдардын тонусунун жоголушун сезиши мүмкүн. Оорудан айыккан соң дароо мурунку жашоо ритмине кайтууга аракет кылбоо керек. Кайра калыбына келүү процесси ар бир адамдын жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша ар кандай өтөт дешет дарыгерлер.

Оору организмди алсыратат. Себеби, ал иммундук жооп үчүн көп ресурстарды коротот. Оорудан кийин иммунитетти калыбына келтирүү үчүн организмге убакыт керек. Айыгуунун тездигине ден соолуктун жалпы абалы, оорунун оордугу, жаш курагы (мисалы, улгайган адамдардын иммунитети жаш өткөн сайын алсырап, калыбына келүү үчүн көп убакыт талап кылынат), тамактануу адаттары, жаман адаттар, күн тартиби таасир этет.

Тамактанууну жакшыртуу

  • Күнүнө кеминде эки литр суюктук ичүү сунушталат. Компоттор, мөмө-жемиш суусундуктары, ит мурундун кайнатмасы, лимон кошулган чай жана таза суу, ага лимон кошсоңуз дагы пайдалуу;
  • Ичеги-карындын иштешин нормалдаштырууга көмөктөшүүчү ачытылган сүт ичимдиктерин - айран, кефирди күнүмдүк рационго кошуу зарыл;
  • Майлуу эмес эт колдонуу сунушталат: уй, тоок, үндүк эти. Ошол эле учурда кайнатылып бышырылган этке басым жасоо керек. Балыкты бууга же меште бышырып жеңиз. Мөмө-жемиш жана жашылча пюрелери да пайдалуу;
  • Ашказанды толтуруп тамактанбаңыз. Калориялуу тамактарды күнүмдүк рационго акырындык менен кошуңуз. Курамында кант бар, куурулган, майлуу, ышталган азыктарды колдонуудан баш тартыңыз;
  • Күнүмдүк рацион сөзсүз түрдө курамында А, С, Е, D жана В тобундагы витаминдерге бай тамак-аш азыктарын пайдаланыңыз.

Таза абада сейилдөө жана спорт

  • Физикалык активдүүлүккө акырындык менен жана абайлап кайтып келүү керек. Алгач жай темпте аз убакыт жөө сейилдөөдөн баштап, акырындык менен темпти жана убакытты көбөйтүү сунушталат. Илдеттин оор түрү менен ооруп айыкккан адамдар алгач дарыгери менен кеңешиши кажет. Эгер адам ооруганга чейин спорт менен машыгып келсе, анда машыгууга бара-бара кайтып барышы шарт;
  • Толугу менен калыбына келүү үчүн, күнүнө үзгүлтүксүз 8 сааттык түнкү уйку талап кылынат. Ошондой эле күндүз эс алууга да убакыт бөлүшүңүз зарыл;
  • Организмдин коргоонуу күчтөрү төмөндөгөндүктөн, суук тийгизип алуудан сактанышы керек, муздак суусундуктардан баш тартып, талап кылынган санитардык нормаларды сактоону унутпаңыз;
  • Тамеки тартуудан жана спирт ичимдиктерин колдонуудан алыс болуу керек.

Пикир

Оставить комментарий