• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Оренбургда Жусуп Абдырахманов жана Ишеналы Арабаев жашаган үйдө эстелик такталарын ачышат

Коом 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. Ушул жылдын 29-май күнү Россиянын Оренбург шаарында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү Жусуп Абдырахманов (1901-1938) жашаган жана биринчи кыргыз алиппесинин автору Ишеналы Арабаев (1882-1933) окуган мекемеде эстелик тактасын ачуу салтанаты өтөт.

Ошондой эле кыргыз делегаттарынын Оренбургга болгон сапарынын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун (1928-2008) 90 жылдыгына арналган конференция, Канн жана Берлин кинофестивалынын өкүлдөрүнүн, белгилүү советтик “Ак кеме” жана “Эрте келген турналар” тасмаларынын режиссеру Болот Шамшиевдин Оренбург искусство институтунун студенттери менен жолугушуу өтөт. Бул тууралуу Россия элинин Ассамблея Кеңешинде билдиришти.

Өз кезегинде Бишкектеги улуттук университетте кыргыз тилинин чыгаан изилдөөчүсү, фундаменталдык кыргыз-орус жана орус-кыргыз сөздүгүнүн автору, академик Константин Юдахинге (1890-1975) эстелик тургузулган жана анын ысымы шаардагы көчөлөрдүн бирине берилген.

Пикир

Оставить комментарий