• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Оркестр, курал менен кол уруш ыкмасы. Бишкекте жаштардын III фестивалы өттү

Коом 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында Бишкек шаарындагы "Кара жыгач" сейил багында өлкөдөгү улуттар арасындагы ынтымакты бекем сактоо максатында жаштардын III фестивалы өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалды “Альфа” террорго каршы эл аралык ардагерлер кошуундары ассоциясы” коомдук бирикмеси менен Коргоо министрлиги биргеликте уюштурду.

Иш-чаранын максаты — жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо жана жаштарды аскердик мелдештерге кызыктыруу болуп саналат.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн музейинин экспонаттары жана куралдары көргөзмөгө коюлду. Мындан тышкары, Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын өздүк курамы курал менен кол уруш ыкмаларын көрсөтүштү.

Келген конокторду жана мектеп окуучуларын Куралдуу күчтөрдүн аскердик оркестринин музыкасы жана “жоокер кашасы” кайдыгер калтырган жок.

Пикир

Оставить комментарий