• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Орловка шаарында жаңы отказанды орнотуу иштери жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 27.06.23. /Кабар/. Орловка шаарында жаңы отказанды орнотуу иштери баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, №2 откана үчүн өткөн жылы декабрда Россиянын 1 даана отказан сатылып алынган. Учурда керектүү тетиктери: экран түтүктөрү, боо түтүктөрү, экономайзер, тепкичтери, барабандары (жогорку, төмөнкү) келип түшкөн. Учурдао Орнотуу жана монтаждоо иштери башталды. 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилине чейин аяктап, эксплуатацияга берилет. Аталган отказан бардык талаптарга жооп берет.

Эске салсак, мурдагы отказан 2022-жылдын декабрында аварияга дуушар болгон. Электриктердин жардамы менен бул жерде мазут от казаны 2 күндө оңдолуп, ишке киргизилген. Отказандар штаттык режимде үзгүлтүксүз иштеп, 2023-жылдын 14-мартында Орловка шаарынын мэрисынын буйругун негизинде жылуулук менен камсыздоо токтотулган.

Маалыматка ылайык, "Орловкадагы жылуулук менен жабдуу" ишканасы "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин филиалы болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Орловканын калкын, бюджеттик ишканаларды тактап айтканда мектеп, бала бакча жана башка мекемелерди жылуулук менен камсыздайт. Бүгүнкү күндө "Орловкадагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы боюнча балансында жалпысынан бардыгы 3 откана бар. Абоненттердин жалпы саны 1597, анын ичинен ысык суу алгандардын саны 3019ду түзөт.

Мындан тышкары, №2 отканада отказандарды жана отказандын жабдууларын оңдоо иштери жүрүп жатат. Веселая жана Некрасова көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук тармактарында эскирген жана чириген түтүктөр, диаметри 219 түтүктөн 340 метр алмаштырылып, буга байланыштуу жер казуу иштери жүргүзүлүп, асфальт төшөлүүдө. Чкалов көчөсү боюнча жылуулук тармактарында эскирген жана чириген түтүктөрүн алмаштыруу үчүн 181 метр жер казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык иштерин кызуу жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий