Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Орловка шаарындагы ооруканада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү пландалууда.
Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыялангандай, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялаган.
Пландалган сумма - 11 млн. 69 миң 275 сом. Сынактык билдирмелерди кабыл алуу 28-октябрда аяктайт.
Пикир
Оставить комментарий