"Орловка” тоо лыжа базасында эс алуучулар асма жолдон түшө албай калышкан

Кырсык 0


Бишкек, 21.01.23. /Кабар/. Чүйдөгү "Орловка” тоо лыжа базасында эс алуучулар асма жолдон түшө албай калышкан. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдирет.

Соцтармакта асма жолдон түшө албай калган жарандарды аркан аркылуу түшүрүүгө аракет кылганы тартылган видео тараган.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, окуя электр энергиянын өчүшүнөн болгон. Ал эми генератор иштеген эмес.

Окуядан эч ким жабыркаган жок.

Пикир

Оставить комментарий