Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан жардыруучу зат изделип жатат.
16-майда болжол менен саат 12:30да милициянын нөөмөт бөлүмүнө Орто-Сай базарына жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө УКМК жана ИИМдин кызматкерлери чыгышкан. Базардын айланасы курчалды.
Тиешелүү ыкчам-издөө иш-аракеттери жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий