• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Орто-Сай базарында соода эрежелерин бузгандарга айып пул салынды

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бишкектеги Орто-Сай базарында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, машыгууда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү унаасы бардык жолдорду жана өтмөктөрдү атайын аралап чыккан.

Анда унаанын өтүшүнө базардын аймагында башаламан соода-сатык кылган соодагерлер тоскоолдук кылышкан.

Машыгуунун жүрүшүндө муниципалдык инспекция тарабынан мыйзамсыз чатырлар алынып, соода эрежелерин бузган соодагерлерге 24 миң сомго айып пул салынды. Укук бузуулар кодексине ылайык, жеке адамдарга карата 8 протокол түзүлгөн.

Мэриядан белгилешкендей, мындай текшерүүлөр тартипти сактоо жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий