Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Бишкектеги Орто-Сай базарында жаңылоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, жумушчулар түнкүсүн да оңдоп-түзөө иштерин жасап жатат. Базарда соодагерлердин соода кылуусуна бардык шарттар түзүлөт.
“Базар буга чейин жеке көпөстөрдүн колунда болуп, ал жерде соода кылгандардын кышында үшүгөнү, жайында тердеп жүдөгөнү ойлондурган дагы эмес. Ири киреше таап, пайдасын гана көрүп отурушкан. Эми мамлекет базарды оңдоп, жакшы шарт түзүү иштерин баштады. Заман талабына ылайыкташып, кышында жылуу, жайында салкын, соода кылгандарга жана кардарларга ыңгайлуу шарттар түзүлөт”, - деп белгиледи Дайырбек Орунбеков.
Пикир
Оставить комментарий