• 86.8
  • 91.76
  • 0.8

Орто-Сай жана Аламүдүн базарларын иретке келтирүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Бишкекте Орто-Сай жана Аламүдүн базарларын иретке келтирүү иштери уланууда.

Мэриядан маалымдашкандай, мэрдин орун басарлары, шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын, ӨКМдин кызматкерлери жогорудагы базарларды текшерүүгө алышты.

Аламүдүн базарында өрт коопсуздугунун сакталышына баа берилип, өрт-тактикалык машыгуулар өткөрүлдү. Өрт өчүрүүчү унаага бастырмалар жана уруксатсыз иштеп жаткан объектилер тоскоолдук жаратты. Базардын директору жеңил типтеги объектилерди эки күндүн ичинде демонтаждоо милдетин алды.

Муниципалдык инспекция тарабынан башаламан соода-сатыкка жол бербөө үчүн күн сайын көзөмөл жүргүзүлүүдө. Буга чейин соодагерлерге эскертүү берилген, ага карабастан соода эрежелерин бузуу фактылары аныкталууда.

Аламүдүн базарынын аймагына ыраатсыз токтоочу жайларга жана объектилерди уруксатсыз орнотууга көңүл бурулду. Автоунаалардын башаламан токтотулушу адамдардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратууда. ЖКККБ эрежени сактабаган айдоочуларга айып пул салат.

Базардын ээсине муниципалитет тарабынан ижарага алынган аймакты иретке келтирүү тапшырмасы берилди.

Базардын ичиндеги парк да көңүл сыртында калган жок, ошондой эле тиешелүү кызматтар тарабынан тартипке келтирилет. Ошондой эле санитардык нормалардын сакталышы талкууланды, анткени коомдук тамактануу жайларынын көбү тамак-ашты ачык абада даярдашат. Бул жарандын ден соолугу үчүн кооптуу.

Муса Жалил жана Будённый көчөлөрүнүн капталына 300 орундуу көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды түзүү планы талкууланды. Мындай чаралар башаламан унаа токтотуу маселесин иретке келтирип, жарандардын эркин жүрүүсүнө жана коомдук транспорттун өтүшүнө шарт түзөт.

Ушундай эле рейд Орто-Сай базарында да өттү. Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги базардын өрт коопсуздугунун нормаларына шайкештигине баа берди. Сүйөркулов көчөсүнөн өрт өчүрүүчү техникалардын өтүүсүнө туура эмес токтотулган унаалар тоскоолдук жараткан.

Безымянная көчөсү тарапка 300гө жакын орундуу заманбап көп кабаттуу унаа токтотуучу жайды куруу боюнча маселелер көтөрүлдү. Учурда балдар аянтчасын куруу иштери башталды.

Сүйөркулов көчөсү тарапка мэриянын талабына ылайык иштеп, экологияны жакшыртууга жардам бере турган таштандыларды сорттоочу жай куруу маселеси каралды.

Пикир

Оставить комментарий