• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Орто-Токой ГЭСин курууга даярдык иштери кызуу жүрүүдө – Энергетика министрлиги

Коом 0


Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда Орто-Токой ГЭСин кура турган жумушчулар үчүн атайын шаарча курулуп, ал жерде 45 жумушчу жашап жана жеринде иштеп жатышат.

Мындан тышкары, жумушчу топ ГЭСти курууга даярдык иштеринин алкагында суу, электр энергиясы менен камсыз болуп, жол салынууда. Эми сентябрь айында туннель казуу үчүн жардыруу иштери жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, 2023-жылы март айында "Чакан ГЭС" ААК менен Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation компаниясынын ортосунда долбоорду толугу менен ишке ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык, ГЭСти толук куруу мөөнөтү 3 жылды, ал эми анын жалпы кубаттулугу 21 МВт түзөт жана бир жылда 75 млн квтс өндүрөт.

Энергетика министри тийиштүү жетекчилерге ГЭСти куруу иштерин графикке ылайык өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий