• 87
  • 90.41
  • 0.84

Орунбеков: 2024-жылы төрт учак алынып, ички каттамдарга коюлат

Коом 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Келерки жылы төрт учак алынып, ички каттамдарга коюлат. Билет баасы арзан, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, учурда Кыргызстандын ичиндеги 7 облусту байланыштырган аба каттамын жандандыруу боюнча иш кызуу жүрүп жатат.

"Анын алкагында, "Нарын", "Казарман", "Талас", "Жалал-Абад" жана "Кербен" аэропорттордунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальтоо иштери жүрүп, иштер дээрлик бардык аба майдандарында жыйынтыкталды", - деди ал.

Орунбеков кошумчалагандай, президентти түйшөлткөн көйгөйлөрдүн бири — бул унаа жолундагы кырсыктар эле. "Өлкө башчысы кырсыктарды азайтуу максатында ички аба каттамдарын жандандырууга көңүл буруп жатат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий