• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Орунбеков: Акылбек Жапаровдун ден соолугу начарлады деген маалымат жалган

Коом 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров ден соолугу начарлады деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

"Журналист Болот Темировдун маалыматына таянып, “Не ври” деп аталган ютуб каналы "Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров ден соолугу начарлап, чет өлөкөгө атайын учак менен кетти", - деген жаңылык таратты. Аталган маалымат чындыкка дал келбейт, Акылбек Жапаровдун саламаттыгы жакшы, бүгүн эртең менен аппараттык кеңешме өткөрүп, андан соң Жогорку Кеңештеги жыйынга катышканын билдирем. Ошону менен бирге, ушак-айыңыдарды таркатуудан алыс болууга чакырам", - деди Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий