Орунтаев: Быйыл 200дөн кем эмес социалдык объект пайдаланууга берилет

Маек 0

Басып алынган жерлерди кайтарып алуу, лицензиядан ажыратуу жана эмне үчүн Мамкурулуш бүгүн лицензия алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, документтердин санын 23төн 6га чейин кыскартууну сунуштап жатат.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде реформалар жана мыйзамсыз объекттер тууралуу айтып берди.

Акыркы үч жылда өлкөдө бир катар мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер жана башка объекттер салынды. Жакында эле жаңы мектептер пайдаланууга берилди. Быйыл ушундай эле объекттердин канчасы колдонууга берилгени турат?

2023-жылы Мамкурулуш агенттиги тарабынан 210 социалдык объект пайдаланууга берилген. Анын 105и мектеп, 50дөй бала бакча жана таза суу менен камсыздоо курулмалары болчу. Алардын курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 11 млрд сом бөлүнгөн. Жыл башында Финансы министрлиги тарабынан социалдык курулуштарга деп 4,5 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө анын 3,5 млрд сому сарпталды. Учурда президент Садыр Нургожоевичтин жана Акылбек Үсөнбековичтин күчү менен социалдык объекттер менен камсыздоо өз нугунда жүрүүдө. Кабминдин алдында 2025-жылга чейин мектептер менен камсыздоо маселесин чечүү планы коюлган.

Ошондо жыл соңуна чейин республика боюнча дагы 100 мектеп пайдаланууга берилеби?

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 450дөй объекттин курулушу жүрүп жатат. Биз быйыл алардын жарымын, 200дөйүн пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Анын ичинде 100дөй мектеп, бала бакчалар, таза суу курулмалары, ФАПтар, ооруканалар жана башка объекттер бар.

Нурдан Кемелович, сиз бул кызматка жаңы дайындалганда мыйзамсыз курулуштардын маселеси менен күрөшүүнү колго алдыңыз. Мындай объекттер Бишкекте эле эмес, бардык аймактарда бар экендиги көрүндү. Жакында эле сиз курулуш жүргүзүүгө берилген 5 миңдей лицензия кайра алынарын айттыңыз. Алардын лицензиясын алганда маселе чечилеби?

Лицензия маселесин башынан карасак, биздин ак ниет эмес жарандарыбыз биринчиден, өз кызыкчылыктарын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюп, экинчиден коррупциялык элементтердин болуусуна жол ачышкан. Ачык эле айтышыбыз керек, лицензия алуу жана берүү коррупциялашып кеткен. Мен жумушка дайындалган күндөн бери лицензия берүү иштерин жүргүзгөн бөлүмдүн ондой кызматкерин жумуштан алдым. Алардын ордуна жаңылары дайындалды. Мониторингде аныкталгандай, курулушка деп бизден алган лизенциялар ачыктан ачык эле колдон колго сатылып келген. Мамлекеттик алымга миң сом төлөшүп, ал эми лизенциялар сайттарда 100 миң долларга чейин сатылган. Бул жагдайлар эч көзөмөлдөнгөн эмес. Мен ишке келгенден бери болгону эки гана лицензия бердик. Буга чейин бардыгы болуп 7500 лицензия берилген экен. Алардын 300ү биринчи деңгээл боюнча, 1500 лицензия экинчи деңгээл, ал эми калгандарына үчүнчү, төртүнчү деңгээлдеги лицензиялар берилген. Көпчүлүк алынган лицензиялар колдонулбай эле туруп келген. Аларды башка колдорго сатуу менен мыйзамсыз байып келгендер жок эмес. Мындан улам биз токтом долбоорун даярдап, министрлер кабинетинин кароосуна киргиздик. Анда тарифтерди бекитүү жагы каралган. Документ кабыл алынып калса, лицензия алууга белгилүү бир суммадагы баалар бекитилет. Үчүнчү деңгээлдеги курулуш иштерин жүргүзүүгө – 350 миң сом, 700 миң сом экинчи деңгээлге, 1,5 млн сом – биринчи деңгээлдеги курулуштарга. Ошондой эле лицензия берүүнү да жеңилдеттик. Мисалы буга чейин 23 документ талап кылынса, алардын азыр саны 6га чейин кыскарды. Лицензия берүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлуп, жеңилдиктерди түздүк. Эми сапатсыз курса, мыйзам бузса, салык төлөбөсө лицензияны кайтарып алабыз.

Сиз курулуш иштериндеги деңгээлдер боюнча айтып кеттиңиз. 1,5 млн сом төлөй турган биринчи деңгээлде кандай иштер аткарылат?

Деңгээлдерге токтолсок, үчүнчү деңгээлде 3 кабатка чейинки имараттарды курууга уруксат берилет. Экинчи деңгээл 5-кабатка чейинки имараттар, биринчи деңгээл 5 кабаттан жогору бийик имараттарды куруу болуп саналат.

Ысык-Көлдүн жээгинде веложол куруу пландалып жатат. Бул иштерди кайсы мөөнөткө чейин жыйынтыктоо каралган?

Ысык-Көлгө курула турган веложол кредиттик келишимдик негизинде курулат. Долбоор Мамкурулуш агенттиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Ага ылайык, Чолпон-Ата шаары, Бостери айылы канализациялык система менен камсыздалат. Сейил бактар салынат. Долбоор күз айларынан тартып ишке ашырыла баштайт. Жалпы жонунан эки жылдын ичинде веложол салынып бүтөт.

Боом капчыгайына жетпей “Апамдын каттамасы” деп аталган бир катар тамактануучу жайлар иштеп келген. Эми сиздер алардын жаңы эскиздерин сунуштадыңыздар. Дизайндар кимдерге таандык?

Бардык эскиздер жана дизайндар Мамкурулуштун адистери тарабынан иштелип чыккан. Биздин элибизде макал бар, “Эшигин көрүп, төрүнө өт” деген, бардык кафе болобу, кандай гана имарат болбосун, кооз, таза, санитардык талаптарга жооп бериши керек. Биз туристтик маршруттар боюнча Бишкектен тартып Караколго чейин жол жээгин мыйзамсыз курулуштардан, көрнөк-жарнактардан арылтууну, фасадын жаңыртууну колго алганбыз.

“Батуми” кафеси буздурулуп, ордуна парк салынмай болду. Эмне үчүн мындай принципти кармандыңыздар?

Мен Жалдагы балдар ооруканасында бир жолу болгом. Онкологиялык оорулар менен ооруган балдардын абалын көрдүм. “Батуму” кафесин биз бузганда парк салууну убадалаганбыз. Азыр Жал кичи районундагы бул жерге демөөрчүлөрдүн колдоосу менен парк салынат. Дагы бир жеке компания балдарга арнап инсталляция тургузат. Бул аймак шаардыктардын эс алуусуна арналат. Ооруканадагы балдар аянтчада ойной албаса дагы, терезеден жашоонун кооздугуна суктануусуна түрткү берет деген ойдомун.

Эми Ысык-Көлдүн пляждык аймактарындагы 100 метрге чейинки мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу иштери тууралуу айта кетсеңиз.

Ысык-Көл корголуучу аймактарга кирет. Ошондой эле президенттин пляждык зоналар боюнча чыгарган жарлыгы бар. Көл жээгинен 100 метр аралыкка чейин эч кандай курулуштар болбоосу керек. Ал эми уруксат берилген жерлерге салынган курулуштар болсо, алар атайын стандарттарга жооп бериши зарыл. Жээкке жакын салынган объекттердин ээлери жерди убактылуу пайдаланууга алышкан. Айрымдарында бул документтер жадакалса жок болуп чыкты.

Узак мөөнөттүү курулуштар боюнча кандай иштер жүрүүдө?

Минкабдын тиешелүү документине ылайык, уруксат берүү иштери бир аз жөнөкөйлөтүлдү. Ошондой эле Мамкурулуш агенттигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти иш алып барып баштады. Мындан сырткары, бир катар нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап жатабыз. Ооба, бүгүнкү күндө курулушу бүтүп, бирок пайдаланууга берилбей келген имараттар бар. Алардын бири катары KG групп компаниясын айтсак болот. Биз президенттин тапшырмасы боюнча, ошол үйлөрдүн жашоочуларынын кайрылууларын карап чыктык. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы жонунан төрт үй эксплуатацияга берилди. Муну менен биз жашоочулардын маселелерин чечип берип жатабыз. Ал эми Мамкурулуш курулуш компаниялары менен диалог түзүүгө жана аларга жардам берүүгө даяр. Анда буга чейин болуп келген маселелерди чечүүдө ким болбосун көмөктөшөбүз.

Ондогон объекттер мыйзамсыз тилкелерге салынып калгандыгы айтылды. Эми алардын тагдыры кандай болот?

Республика боюнча 100дөй бийик имарат мыйзамсыз курулган. Макул, аларда мамлекеттик акт, уруксат кагаздар болушу мүмкүн, бирок курулуштар техникалык документтери жок тургузулган. Аларда инженердик-техникалык шарттар, экспертизалар, реестрлер жана башкалар жок эле өз билемдик менен имараттар курулган. Биз билбейбиз да курулуш эмнеден курулганын, сейсмикалык талаптарга жооп береби, а бирок эл жашайт ал жерде. Ошол курулуш компанияларынын бирин мисал келтирсек, бизге компания техникалык документтерин алып келди. Ага ылайык, биз текшерүүлөрдү жүргүздүк. Алар амнистия берүүнү суранышып, батирлердин 10%ын мамлекеттин эсебине өткөрүп беришти. Алардын эки мыйзамсыз курулган комплекси боюнча уруксат кагаздарын алууга жардамыбызды беребиз. Азыркы күндө Мамкурулуш агенттиги тарабынан документтерди текшерүү боюнча бир катар иштер аткарылды. Бизде акы төлөнүүчү кызматтар бар, ал аркылуу ар бир жаран курулуп жаткан объект боюнча маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле курулуп жаткан объекттердин реестри да түзүлдү.

Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий