• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Орунтаев Чүйдөгү соцобъекттердин курулуш иштерин текшерди

Аймак 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Чүй облусундагы социалдык объекттердин курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Комиссиялык кыдырууга ошондой эле Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Медетканов жана Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү да катышты.

Жумушчу комиссиянын жүрүшүндө төмөнкү объекттер текшерилип, тиешелүү тапшырмалар берилди:

  • Новопавловка мектеби;
  • Чыңгыз Айтматов мектеби;
  • Сокулук районунда жайгашкан стадион;
  • Жакшылыков мектеби;
  • Манас айылынан Манас мектеби жана Жаңы-Жер айылында жайгашкан мектеп.

Пикир

Оставить комментарий